Кыргызстандык спортчу Юрий Краковецкий дзюдо боюнча Grand Slam эл аралык таймашында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу ippon.org сайты билдирди.
Мелдеш Бириккен Араб Эмираттарынын борбор калаасы Абу-Даби шаарында 62 өлкөдөн келген 346 спортчунун катышуусунда өттү. Кыргызстандын атынан аталган мелдешке 7 дзюдочу катышкан.
Юрий Краковецкий 100 килограммдан өйдө салмак категориясында ата салышкан. Стартта ал Грузиялык Левани Матиашвилини жеңип алган, андан сон Орусиялык Инал Тасоевге жеңилип калган. Жубатуучу беттеште ал Польшалык Мацея Сарнакини жана Израильдик Ора Сассонду жеңип, коло медальга жетишкен.
Калган Кргызстандык спортчулар байгелүү орундарга жетишкен эмес.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ