Ким каалаганы барып олтурду. Чаласабаты, сүйлөй албас «балыгы», крим чөйрөнүн өкүлү, чоң муштуму, аферисти… Айтор касиеттүү Жогорку Кеңешти ар ким каалагандай калчап атат. Өзүнчө эле ШОУ-базар. Кызыгы, 2020-жыл жакындаган сайын биздин эл өкүлдөр кайсыл партиянын катарына тизилебиз деген баш оору менен алек. «Кантебиз?», «Кимдин этегин кармайбыз?», «Кайсы партия өтөт?» деген баш оору менен алек болуп атышат. Эптеп дагы бир жолу Жогорку Кеңешти «минип» калгылары бар. Принцип, бирдиктүү идея деген партиялык табиятты талкалап бүтүштү. Парламентаризм өлдү. Ошол эле маалда «Мен бул чакырылышта эмнелерди жасай алдым?», «Элге берген убадаларымды кайсынысын аткарып атам?», «Элиме кандай жардам бере алдым?» деген суроону өзүлөрүнө бергилери келбейт. Аңдан «аллергия» болуп кетишет. Уят сыйытты жыйыштырып туруп жеке маселелерин чечүүнү гана көздөгөн ушундай парламенттин кимге кереги бар?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ