Футзал боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-20) 2019-жылкы Азия чемпионатына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
Ташкент шаарында Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жаштар курама командалары ат салышкан Азия чемпионатына тандап алуу оюндарында кыргыз футзалчылары өз тобунда биринчи орунду ээлеп, жолдомого ээ болушту.
Эскерте кетсек, анда Кыргызстан жаштар курамасы адегенде Өзбекстанга 3-6 эсебинде утулуп калган. Бирок, экинчи оюнда кыргызстандыктар Тажикстан курамасын 6-1 эсебинде ишенимдүү утууга жетишкен. Акырында болсо, тажикстандыктар өзбек курамасын 7-2 эсебинде утуп алышкандыктан, топтордун катышы менен Кыргызстан курамасы группада биринчи орунду ээлеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ