Бүгүн, 5-декабрь күнү Бишкек шаарында троллейбус менен жеңил автоунаа сүзүшкөн кырсыктан улам адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
№17 троллейбус саат 6:55те Юнусалиев көчөсүндө түндүктү карай жүрүп бара жаткан. Суванбердиев көчөсү менен кесилишкен жерде троллейбустун алдынан жеңил автоунаа бетме-бет чыга калып, алар катуу кагылышкан.
Натыйжада, жеңил машинанын айдоочусу ошол жерден каза болуп, ал эми, троллейбустун айдоочусу ооруканага жеткирилген.
Бишкек троллейбустук башкармалыгы менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери кырсык болгон жерге барып, жол кыймылын калыбына келтирди.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ