Дүйнөлүк прогресстин бир катмарын интернет тармагы түзүп калганын барыбыз жакшы билебиз. Азыркы учурда интернетсиз жашоону элестетүү мүмкүн болбой калды. Бирок, интернет менен камсыз кылуу маселеси жолго коюлбай, шалаакы мамиле кылынууда. Элдин көзүн будамайлаган көрунүш күн алыс катталууда. Маселен, «Homeline» деген компания элди азгыруу менен өзүнө киргизип, бирок жеткиликтүү иш кылбай жатат. Кардарлары абдан капа. Себеби, туташтыргандан кийин улам үзүлүп, аргасын кетирүүдө. Келишим боюнча кандайдыр бир себептер менен үзүлсө, 3 сааттын ичинде калыбына келтирилет деп жазылган. Макул бир жолу болгон техникалык мүчүлүштүктү туура түшүнөлү, а бир жумада 3 жолу интернетсиз калган учурларды аларга кантип түшүндүрөбүз. Ал убакытты компенсация кылып, акчасын кайтарып бербейт. Кардарларга жеткиликтүү интернетти бере албагандан кийин кызылдай акчаны алып туруп көз будамайлаганды аталган провайдер токтотпосо болбойт. Демек, мындай элди какшаткан алдамчы компанияларды тийиштүү органдар иликтеп, рыноктон сүрүп чыгарышы зарыл.
Булак: Мантыш
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ