Президенттикке кайрадан талапкерлигин койгон Гурбангулы Бердымухамедов аймактарды кыдырууда. 25-январда ал өлкөнүн түндүгүндөгү Дашөгүз облусуна келип, малчылар менен жолукту.
Буга чейин мамлекет башчы “Алтын асыр” дыйкан чарбасынын чабандары менен жолугары айтылган. Буга байланыштуу ал жакка аймактагы бардык майда мал жандыктарын айдап келишкен.
“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы кабарлагандай, жергиликтүү бийлик мунун менен мал чарбасындагы ийгиликтин образын жаратууга далалат кылууда.
Учурда дыйкан чарбанын аймагына чогултулган малдар үчүн тоют жана суу жетишпей жатат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, президентке көрсөтүү үчүн ветеринарлардын жардамы менен асыл тукум малдар тандалган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ