Menu

Сузакта коррупционерлер жазага тартылбай жатабы?

Бөлүшүү:

Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджеттин 750 миң сомдон ашуун каражатын билип туруп максатсыз пайдалангандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен жооптуу кызматкерлери жазага тартылбай атат. Укук коргоо органдары тийиштүү жетекчилерге карата кылмыш ишин козгоодон баш тартышууда. Бул тууралуу коомдук укук коргоочулар билдиришти.

Укук коргоочу Максатбек Бердикуловдун айтымында, Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүндө мурда “Арис” программасы менен 2 суу мунаралары курулгандыгына карабастан, 2017-жылы айыл өкмөтү кайрадан эле курулуш баштап, Бек-Абад айылындагы суу мунарасын курууга 374 миң 10 сом, Социализм айылындагы суу мунарасын курууга 463 миң 410 сом каражатты бюджеттен бөлүп, тендер жарыялаган. Кийин курулуш иши бүткөн соң, айыл өкмөтү курулушту бүттү деп кабыл алган.

Жергиликтүү коомдук укук коргоочулар жогорку органдарга бул мыйзамсыз иштер тууралуу кайрылышкан соң, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү өзүнүн атайын буйругу менен текшерүү тобун түзүп, курулуштун абалы текшерүүгө алынган. Ал эми текшерүү тобу аталган эки айылда курулуш иштери аягына чыгарылбагандыгы, бүткөрүлбөгөндүгүн аныктап, акты түзгөн.

Ошондой эле бул маселеде Атабеков айылдык кеңешинин айрым депутаттарынын демилгеси менен укук короо органдарына кайрылуу болуп, кылмыш иши козголгон. Бирок, эки айылдагы бүтпөгөн курулуш, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз сарптоо боюнча эки айыл башчы күнөөлүү деп табылган жана эки жылга шарттуу эркинен ажыратууга өкүм чыккан. Ал эми курулушту баштап, бюджеттен каражат бөлгөн, бүтпөгөн курулушту бүттү деп кабыл алган айыл өкмөтүнүн башчысы, жооптуу кызматкерлери таптаза болуп чыга келишкен.

-Биз Жалал-Абаддагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмүнүн айрым жооптуу кызматкерлерге карата эпизоддорду кыскартуу жөнүндөгү токтомун жокко чыгаруу тууралуу сотко кайрылганбыз. Областтык соттун жазык иштер жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы биздин арызды канааттандырды. Бирок, областтык прокуратура буга макул болбой, жогорку сотко кайрылып жатат. Алардын оюу боюнча курулушту баштаган, бюджеттик каражаттарды бөлүп берген жана курулуш бүткөн соң, аны бүттү деп кабыл алган айыл өкмөт жетекчилери менен жооптуу кызматкерлери дегеле айыптуу эмес экен. Бизге областтык прокуратура айыл өкмөтүнүн башчысын ачык эле коргоп жаткандай көрүнүп жатат. Биз күрөштү токтотпойбуз, Кыргыз Республикасынын Президентине чейин барабыз, – дейт укук коргоочу М. Бердикулов.

Эскерте кетсек, бул иш боюнча иш жакында Жогорку Сотто каралмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: