Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси Эмил Осмонбетовду калкалап, жан тартаарын далилдеди. Осмонбетовду жетекчи кылып алып келип жатканда Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрү «телевизор көтөрүп кеткен» шектүү жагдайды эске салып, каршы болушканына карабай көгөрүп дайындаткан. Эми болсо Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент кескин сынга алса чара көргөндүн ордуна теңирден тескери иш кылды. Башкача айтканда, Осмонбетовго сөгүш жарыяламыш болуп, ал эми анын орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди иштен алып салды. Бул эми «айран ичкен кутулуп, аяк жалаган тутулду» деген кеп да. Президенттин көзүн будамалап, ойт берип жатканы жакшы эмес. Негизи комитеттеги кемчилик үчүн орун басарлары эмес, төрага Осмонбетов жооп бериш керек болчу. Абылгазиев болсо аластап жатат…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ