Адам өлтүрүүгө шектелип, Чүй облусунун 43 жаштагы К.А аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Чүй облусунун шаардык Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-декабрда Москва райондук Ички иштер органына Петровка айылындагы көчөлөрдүн биринде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Москва районунун Ички иштер органынын ыкчам тергөө тобу барган. Маркумдун өздүгү такталып, ал 35 жаштагы Чүй облусунун тургуну Г.Д экендиги билинген. Бул иш боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшү менен кылмыш мас абалдагы уруштун айынан жасалганы аныкталган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда. Ал эми, тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ