Menu

Фото – Жалал-Абад милициясына да үй курула баштады

Бөлүшүү:

Бүгүн Жалал-Абад областынын милиция кызматкерлери үчүн 100 батирлүү көп кабаттуу үйдүн алгачкы капсуласы жакшы тилектердин коштоосунда салынды. Мындай саамалыкка КРнын ИИМнин орун басары милициянын генерал майору Сүйүн Өмүрзаков, Өкмөттүн аймактык ыйгарым өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана өздүк курамы, ИИМдин ардагерлери жана жергиликтүү бийлик  өкүлдөрдүн катышуусунда жүрдү.

Ички иштер органдары үчүн атайын көп кабаттуу үйдүн курулушу Жалал-Абад обласынын тарыхында алгачкысы. Милиция кызматкерлерине карата мамлекет тарабынан көрүлгөн мындай камкордукка учурда коомчулук тарабынан да жылуу каалоо-тилектер  байма-бай айтылып келет.

Буга чейин Баткен, Ош , Чүй, Бишкек аймактарында жаңы батирдин ачкычтары турак жайга муктаж милиция кызматкерлерине тапшырылган болсо, эми бул багыттагы иш-чара Жалал-Абад областында да уланууда деген  оюн билдирген ИИМдин орун басары. Мындай ири курулуштардын тез арада бүткөрүлүшү өлкө башчысынын чечкиндүү кадамынын жемиштүү натыйжасы деп баалайт-Сүйүн Өмүрзаков.

Жалал-Абад шаарындагы Р. Азимов көчөсүнө түшүп жаткан көп кабатттуу үйдү куруу жагын жүргүзулгөн тендердин негизинде “Элит Строй Сити” жоопкерчилиги чектелген коому тандалган. Эң башкысы 2008-жылдан бери иш жүргузуп келе жаткан курулушчу топ, учурда имараттын сапатына озгөчө көңүл бөлүнөөрүн убадалашат.

Канатбек Оморов “Элит Строй Сити” ЖЧКнын жоопту жетекчиси-“Тендер айкындуулук менен өтүп бизге берген ишеничти актайбыз жана өзгөчө сапатына көңүл буруп 2017-жылдын күз айларында толук бүткөрүп тапшырабыз”

Учурда област аймагында  ички иштер органдары күнү-түнү дебей өз милдеттерин аткарып келишет. Бирок ушул убака чейин турак-жайы жоктор арбын экендигин жашырууга негиз жок. Ал эми бул курулуш соңуна чыгып калса, милиция кызматкерлери үчүн дагы бир маселе оңуна чечилүүнүн алдында.

“Турай үйлөргө муктаж кызматкерлердин саны арбын. Учурдагы курулуп жаткан 5 кабаттуу  40 батирлүү жана экинчиси 60 батирлүү турак үйлөр бир топ Жалал-Абад милиция кызматкерлеринин муктаждыктарын орундатат”.

Көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында башталган. Ал үчүн Кыргыз Өкмөтү тарабынан 160 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Ал эми курулушту бүткөрүү мөөнөтү долбоор боюнча 2017-жылдын биринчи ноябрына белгиленген.

zha-militsiyaga-ujzha-militsiyaga-uj2zha-militsiyaga-uj3zha-militsiyaga-uj5zha-militsiyaga-uj6zha-militsiyaga-uj7

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: