Бүгүн, 19-декабрда өткөн парламенттин отурумунда өлкөнүн айыл чарба министрлиги сынга алынды. “Бир Бол” фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбековдун айтымында, өлкөгө оору жуккан көчөттөрдүн алынып келинишине эч ким жоопкерчилик албайт.
«Силер жада калса Кыргызстанга оорулуу өсүмдүктүрдү алынып келинишине жол берген аткаминерлердин аттарын дагы айта албайсыңар. Өсүмдүктөргө карантини департаменти эмне менен алек?” – деди Бактыбек Турусбеков.
Ага департамент Кыргызстанда өстүрүлгөн өсүмдүктөргө гана жооп берерин айтышты.
«Демек бизге каалаган нерсени алып кирүүгө болот турбайбы?” – деи эл өкүлү.
ГМО бар уруктарды импорттого тыюу салынганы аныкталды. Эл өкүлү ал уруктар эмес, көчөттөр тууралууу сурап жатканын айтып, нааразычылыгын билдирди.
Эске салсак, Кыргызстанда урук чыгаруучу 109 чарба бар, алардын 77 элиталуу сорттогу уруктарды чыгарат. 2019-жылга карата 30% дотацияга 107 миллион сом керектелет. Бул каражаттар бюджетте каралган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ