Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде 15,3 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, аталган мекемеде 2016-жылдагы бюджеттик жана атайын бөлүнгөн каражаттарды колдонуу боюнча аудит жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында, 500 миң сомду түзгөн материалдык байлыктардын толук эмес өткөрүлүшү, каражаттарды сарптоодо кемчиликтер болгондугу, анын ичинде айлык акыны негизсиз төлөп берүү, курулуш жана оңдоп-түздөө иштеринин көлөмү атайлап көбөйтүлгөндүгү, каражаттар максатсыз пайдаланып, 13,8 милион сомдук эсептен жашырылган дебитордук жана кредиттик карыз болгондугу аныкталган.
Каржылык мыйзам бузуулардын 13,5 миллион сому кайра кайтарууга жатат. Азыркы учурда 1,8 миллион сом кайтарылды.
Ошондой эле 91,5 миллион сомдук бюджеттин жоготуулары жана резерви аныкталган, 7,9 миллион сом рационалдуу эмес пайдаланылган. Алардын ичинен 5,8 миллион сому кайра кайтарууга жатып, ал каражаттын 2,8 миллиону кайтарылган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ