Menu

Жумушсуз кыргызстандыктар популярдуу кесиптер боюнча акысыз онлайн-курстардан өтө алышат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Coursera (АКШ) уюму Coursera Workforce Recovery (жумушчу күчүн калыбына келтирүү)  программасынын алкагында жумушсуздар жана башка каалоочулар үчүн акысыз онлайн-курстарды уюштурат. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги дүйнөлүк Coursera (www.coursera.org) билим берүү онлайн-платформасы аркылуу Coursera Workforce Recovery (жумушчу күчүн калыбына келтирүү) боюнча билим берүү программасына акысыз катышууга жарандарды чакырат.

Платформада катышуучуларга IT, гуманитардык илимдер, экономика, физика, медицина, ишкерлик, маркетинг сыяктуу керектүү кесиптерге багытталган 4300дөн ашуун курстар, ошондой эле, дүйнөдөгү эӊ мыкты деп табылган Stanford, Yale, Princeton, MIT  сыяктуу университеттеринен сунушталат. Окуу курсту аяктагандан кийин, бүтүргөндүгү боюнча акысыз сертификат берилет жана аны менен дүйнөлүк мейкиндикте жумуш табуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Программа COVID-19 пандемиясынын таасиринин шартында, жумушсуз калгандарга колдоо көрсөтүү жана жаңы ыкмаларды үйрөтүү менен эл аралык эмгек рыногунда жарандын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга максатталган.

Катышуучулар 30-октябрга чейин англис жана орус тилдеринде курстарга жазыла алат жана курстун саны чектелбейт.

Окутуу программасына катышуу үчүн онлайн форманы кезектеги шилтеме аркылуу толтуруу зарыл: http://bit.do/fJGBx

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: