Мамлекеттик администрациялардын бир катар жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, төмөнкүлөр ээлеген кызматынан бошотулду:
– Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиев
– Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаев
– Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дүйшебаев
– Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытов
– Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкулов
– Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбеков.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы жыйынынын протоколдук чечимине ылайык кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ