Бүгүн, 26-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда экс-генпрокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана экс-депутат Акматбек Келдибековдун экс-президент Алмаз Атамбаевге каршы доо-арызы боюнча сот иши улантылды. Бүгүн Азимбек Бекназаров Атамбаевдин жактоочусу Турдалиевдин каршы пикирине өзүнүн пикирлерин жарыялады.
“Атамбаевдин жактоочусу Турдалиев экс-президент Атамбаев интернет сайттар жазган Бекназаров тууралу пикирлерге таянып, Бекназаровду карга-кузгун деген деп жазыптыр. Анан Кыргызтудэй сайтынын 2013-жылдагы бир маалыматын мисалга тартат. Бирок Атамбаев 2018-жылдын декабрында өзүнүн “Апрель” телеканалына берген маегинде ал сайттарга таянбай эле өз пикири катары айткан. Анан да “Атамбаевди интернет сайттарда “психбольной”, “алкоголик” деп жазып жатышат, мен аларды тараткан жокмун го. Бул жерде Атамбаев “осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт” болуп жатат. Кыргызда “ушакты айткан киши эмес, тараткан киши ушакчы” деген сөз бар”, – деди Азимбек Бекназаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ