Өлкөдө шайлоолор боюнча мыйзамдар тезеги кургабай өзгөрүп келет. Бул ар кандай шарттарда болуп жаткан шайлоолордон кийинки каталардан улам, жаңы баскычта болуп жатат дегенибиз менен Кыргызстандын тарыхында дегеле шайлоолорго ичи чыгып, анын акыбетин көргөн шайлоочулардын ыраазычылыгын угуу аздык кылат. Өзгөчө партиялык система менен келген парламенттик шайлоолорго карата айтылып келген сындардын көпчүлүгүнүн тууралык жактары арбын. Партиялык система, шайлоого катышкан ар бир партиянын жеке лидеринин кадыр баркы каралып, калган талапкерлердин кадыр баркы, иш тажрыйбасы, мурда кийин кайда, эмне иш кылганын каралбай, жалпы каралып калганы чоң ката экени көптөн бери айтылып келет. Ошонун кесепети кыргыз парламентине абийир алып келбей, айрым учурда депутат болууга жөндөмсүздөрдүн, тагыраагы дегеле мыйзам боюнча түшүнүгү жоктордун келип калышы бир топ парламенттин жүзүн артка тартып, коомчулуктун негизги бийлик бутагы болгон ЖКти жаман көрүндүгө алып келүүдө. Бул бери жагы, аштоонун аркы бетин аңтарсак, мурда соттолгондор, жарандыгы башка өлкөнүкү болгондор да чыгып, дегеле мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирген жагдайлардын жок эместигине баарыбыз эле күбөбүз. Мына ушундай жагдайлар эске алынып, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партиядан сырткары тизмеде болгон талапкерге да добуш берүү сунушталууда. Буга байланыштуу “Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев баштаган бир топ депутаттар тарабынан иштелип чыкты. Масалиевдин пикиринде бул процедура техника боюнча бир аз убакытты талап кылат, бирок жаран кайсы бир партияны тандап, анын ичиндеги жеке инсанга добуш берсе ошондо реалдуу түрдө партиялык тизмеде башаламан болбойт. Ким канча добуш алганы жыйынтыгында билинет. Ошондо, Саясатчы болом деген адам Кыргызстанга таанымал адам болушу керек. Өзүнүн айыл өкмөтүнө барбай, райондордун баарын кыдырат. Бул мыйзамды колдоого бир катар эл аралык уюмдар жардам берүүгө даяр. Мыйзам долбоору келерки аптада коомдун талкуусуна коюлат.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ