“Уран казам деген ишкананын ишин токтотуу тууралу чечимди 3 күн мурун кабыл алганбыз, мекемелер аралык комиссия түзүп, жеринен текшерүү үчүн жөнөткөнбүз, чечим кабыл алсын деп. Кечээтен бери ал жерден техникалар чыгарыла баштады”, – деп билдирди бүгүн, 25-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР Жогорку Кеңешинин отурумунда.
“Биздин талабыбыз боюнча ал жерде техника болбош керек. Вице-премьер Кубат Боронов баштаган Осмонбетов, Рустамов жана Жунушов болуп бүгүн чыгып кетишти. Ошол жерде эл менен жолугушат, Тоң районундагы элдерге жолугат. Анан барып, уран кенин изилдеп, чалгындап жаткан жердеги ишкананын акыбалы менен таанышат. Ал жердеги машина-трактордун баарын чыгарып, кечээтен бери баштаган, ошону барып таанышып, анан келип бизге маалымат берет”, – деди премьер-министр Абылгазиев.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ