Menu

Зеленский: БШК шайлоонун жыйынтыктарын жарыялоону атайылап создуктурууда

Бөлүшүү:

Украинадагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен шоумен Владимир Зеленский өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялоону атайылап создуктурууга айыптады.

Анын айтымында, БШК атайылап эле Жогорку Рада жаңы президенттин инаугурациясын 27-майга чейин белгилөөгө жетишпей калсын деп убакытты созууда. Эгер шайланган президенттин ант берүү аземи андан кийинки күндөргө жарыяланса, анда Зеленский парламентти таркатуу тууралуу жарлык чыгара албай калат.

Украин мыйзамдарына ылайык, президент Раданы анын ыйгарым укуктары аяктаганга жарым жыл калганга чейин таркатууга укуктуу. Учурдагы украин парламентинин ыйгарым укугу быйыл 27-ноябрда аяктайт.

Мурдараак Жогорку Раданын спикери Андрей Парубий парламентти таркатууга негиз жок экенин, эгер болсо дагы жаңы президент жарлык чыгарууга жетишпей кала турганын билдирген.

Украина БШКсынын маалыматы боюнча президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Владимир Зеленский шайлоочулардын 73,22 пайызынын добушун алган. Анын атаандашы, өлкөнүн учурдагы президенти Петр Порошенко добуштардын 24,54 пайызына ээ болгон. Зеленский президенттик кызматка 3-июнга чейин киришиши керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: