Menu

КСДПдан эки талапкердин президенттикке аттанышына оюңуз кандай?

Бөлүшүү:

Максат ЧАКИЕВ:

– Президенттикке бир же андан көп кандидаттардын аттанышы бул ички инсандык конкуренттик же атайын саясий стратегия деп ойлойм. Бул көрүнүштүн эч кандай таң калычтуулугу жок, себеби мындай көрүнүштөр дүйнөлүк саясатта стандарттык көрүнүштөр. Ар бир уюмда, корпоративдик болобу же саясий болобу, ички атаандаштыктар болот, себеби адам бар жерде амбициялар конкуренциясы болот. Ошондой эле ар бир партия жеңишке жетиш үчүн ар кандай стратегияларды, саясий ыкмаларды, колдонушат, себеби негизги максат – бул жыйынтык.
Мындай нерселерден бир сенсацияны издөөнүн кажети жок, себеби бул кутулуучу жана саясий практикадагы кадимки көрүнүштөр.

Бегалы НАРГОЗУЕВ, коомдук ишмер:

– СДПКдан эки талапкер партиянын съездине чейин атаандашып, партиялаштарынын алдында кимиси мыкты экенин далилдеп, праймериз аркылуу алдыга бөлүнүп чыкса болмок. Ал эми съездден кийин бир партиядан 2 талапкердин атаандашып жарышка чыгышы бул партияны бөлүп-жарууга алып келет. СДПК бир жеке адамдын партиясы, ошондуктан ал адам мындайга жол бербейт.

Марс САРИЕВ, саясат талдоочу:

– Бир партиядан премьер менен спикердин президенттикке атаандаш болушу жана ал менен катар жаштар канатынын лидери Р.Самудиновдун съездге кирбей калышы, мунун бардыгы партиянын таасирдүүлүгүн алсыратып жатат деп айтат элем. Бул нерсе шайлоо алдында керек эмес болчу. КСДПдагы мындай абал негизги атаандаш болуп турган Ө.Бабановго пайда гана алып келет.

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, ЖКнын депутаты:

-СДПК да эки эмес, беш адам бар ажолукка барам деген. Иса Омуркулов, Туйгунаалы Абдраимов, Сапар Исаков. Бирок берки үчөө ажонун батасын албагандан кийин аттангандан чочулашты.

Турсунбеков болсо эски батанын деми менен эле тобокелге салып ачык чыкты. Негизинен алганда экөө чыгабы, үчөө чыгабы жыйынтыгын эл чечет.

Касымбек РАЙЫМКУЛ, коомдук ишмер:

– Кыргызстанда туруктуу партия жокко эсе. Себеби партияларды көп жылдардан бери билебиз да. СДПК партиясынан президенттикке эки талапкердин чыгышы булардын биримдиги жоктугун дадилдейт. Чынында СДПК бийликтин күчү менен эле кармалып турат. Убакыт көрсөтөт, бийлик колдон кетсе СДПК кандай болоорун.

Жусупжан ЖЭЭНБЕКОВ, коомдук ишмер:

– Ар бир жарандын талапкер болууга акысы бар, президенттик ыйгарым бул мурастыкка тартуулоочу белек эмес, Кыргызстандын эли президенттин өзү тандап алуусу зарыл!

Искендер ШАРШЕЕВ, серепчи:

Логика боюнча, шайлоодо добуштарды бөлүп салышат. Эки талапкерди тең татыктуу деп ойлойм. Мындай учур болбошу үчүн биринчи праймериз өткөрүш керек болчу. Талапкерлердин экөөнө тең ийгилик каалайм!

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: