Menu

“Белизгейт” “капут” болду, эми Абдил Сегизбаев жоопкерчиликке тартылабы?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-сентябрда парламенттеги «Ата-Мекен» фракциясынын жыйынында Тарых музейинин реконструкциясынан тышкары 2016-жылы чыккан «Белизгейт» жаңжалы да талкууланды. УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиевдин айтымында Белиз өлкөсүнөн Кыргызстандын атайын кызматына кандайдыр бир документтер келгени аныкталган жок.

“2018-жылдын 16-майында Башкы прокуратура жиберген каттын негизинде УКМК “Мегаком” компаниясына тиешелүү акциялар боюнча Белиз мамлекетинен алынган трасттык документтердин мыйзамдуулугун аныктоо багытында кызматтык иликтөө жүргүздү. Аны калыс жана толук жүргүзүү үчүн 4-июнда УКМК төрагасынын буйругу менен комиссия түзүлүп, ишти компетенттүү кызматкерлер териштирди. Комиссиянын алдына Белизден расмий түрдө УКМКнын дарегине парламенттин айрым депутаттарынын “Мегакомдун” акцияларын “Southfield Management Inc” компаниясы аркылуу сатуу жөнүндө түзүлгөн трасстык декларацияга тиешеси бар деген документтер келип түшкөнбү, эгер келсе качан жана кандай номур менен катталган, ал документтер азыр кайда деген суроо коюлган. Комиссия кызматтык иликтөө учурунда УКМКга тиешелүү бардык ыкчам башкармалыктар жана катчылык аркылуу маалымат алганда, 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө “Мегакомго” таандык акциялар боюнча трасстык документтер Белизден УКМКга келип түшпөгөнү жана ал мекемеде расмий катталбаганы аныкталды. Иликтөөнүн материалдары 10-июлунда түп нускада Башкы прокуратурага жиберилген», – дейт ал. Демек, А. Атамбаевдин доорунда өтө чоң резонанс жараткан «Белизгейт» төгүндөлдү. Эсибизде, мына ушул Белиз өлкөсүнөн келди делген документтердин сүрөттөрү убагында (2016-жылы) КР президенттик аппаратынын расмий сайтына да жарыяланган. Ал документтерди андагы УКМК жетекчиси А. Сегизбаев андагы мамлекет башчысы А. Атамбаевге да көрсөткөн. Анда А. Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Мегаком” деген аталыш менен белгилүү “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган болчу.

Эми бул расмий төгүнгө чыкты. Ошондо А. Атамбаев менен А. Сегизбаев саясий оппонеттерин жайлоо үчүн кайсы бир өлкөнүн атын сатканга да даяр болуп чыгып атышабы?

Белизден келди деп көрсөтүлгөн апостиль.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: