Menu

Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Бата менен саясатты аралаштырбайлы”

Бөлүшүү:

– Тазабек Икрамович, Кыргыз улуттук жазуучулар союзун колдоо боюнча Жогорку Кеңешке демилге көтөрүп жатасыз, мунун маани-маңызы канчалык?

– Жазуучулар союзунун төрагасы Калыбеков Нурлан мырза менин наамыма кайрылуу жөнөтүп, учурдагы көйгөйлөрүн, абалын айтыптыр. Чынында эле рынок заманы менен эгемендикти бетке кармап, чыгармачыл союздарды кароосуз калтырдык. Эгерде биздин жалпы аудитория кенен болуп, калкыбыздын саны 15 миллиондун тегерегинде өссө гана биз чыгармачыл союздарды каржылоону токтотсок болот. Себеби рыноктук шартта алар жазган же чыгарган продукция сатылып алынып өз окурмандарын таап кетмек да, чыгармачыл союздар азыркыдай кыйын кырдаалга туш болбойт эле. Убагында Айтматовду, Касымбековду, Жакыпбековду, Осмоналиевди, Токомбаевди жараткан союз бүгүнкү күнү коммуналдык төлөмдөрүн төлөй албай, мамлекетке бир жарым миллион сом карыз болуп отурат. Менчиктештирүүнүн шарапаты менен өздүк имараттары да талоонго учурап, камчыга ченеп бөлүп кетишиптир. Бул өкүнүчтүү. Жазуучулар союзунун төрагасы келип абалды түшүндүргөн соң, комитетке Жазуучулар союзунун карызын жоюп берүүнү демилгечи болуп алып чыгып, биринчи окууда коллегаларым колдоо көргөздү. Биз чыгармачыл союзда, анын ичинде жазуучуларга өз имаратын курууга тикелей болбосо да, кыйыр түрдө көмөк көргөзгөнгө аракеттенишибиз керек.

– Айтмакчы, сиз уулуңуздун тушоосун кескен тойдо депутат Асылбек Шариповичтин бата берип жатканы боюнча кызуу талкуу жүрүүдө. Кандай кабыл алдыңыз?

– Ооба, орозо айынын алдында уулум Сооронго тушоо той берип, ага улай жылда өтүп жүрүүчү кичи мекенимдеги күрөш боюнча турнирди өткөрдүм. Коллегаларымды тушоо тойго чакыргам. Айрымдары командировкада, айрымдарынын убактысы болбой калып саналуу депутаттар барган. Баргандардын ичинде Асылбек Шарипович да бар болчу. Кыргыздын нарк-насилинде дасторконго улуусу, мейман адам бата берет. Ошол салтты улап, дасторкондогу улуу киши катары Асылбек Шарипович бата берди. Мени өкүнткөнү ушундан саясат жасап жатат. Эр жигит тукум улап бала күтөт. Баласы төрөлгөндө эл кызматына жарасын, элдин уулу болсун деп жакшы ысым коет. Аталык парзын кылып тушоо тоюн өткөрөт. Кубанычымды тең бөлүшсүн, элдин батасы тийсин деп той берип элден бата сурайт. Бул биздин салтыбыз. Салтыбыздан саясат издөө бул наадандык. Мен да уулдуу болгондо ата катары уулум элдин жүгүн тартсын, элге кызмат кылсын деп тилеп, Сооронбай Шариповичтин атынан койгом. Мен ага ата катары сыймыктанам.

Коллега катары барып Асылбек Шарипович бата берди. Бул жерде эч кандай саясат жок эле. Тилекке каршы, ичине таруу айланбаган менин оппоненттерим мындан саясат жасап, улуу орозо айында ушак таратып жүрүшөт. Бул туура эмес. Тескерисинче мен ар бир үйгө уул, кыз төрөлсүн деп каалайм. Ар бир наристебизге Кудайдын назары түшсүн, элдин батасы тийсин дейт элем. Батадан, элибиздин салт-санаасынан, үрп-адатынан саясат издеген бул наадандыктын жеткен чеги.

– Сиздин парламенттеги сүйлөгөн сөздөрүңүзгө, айрым маселелелерди көтөрүп жатып сөздү так айтпай жаңылып калганыңыз боюнча да сын-пикирлер бар…

– Сын-пикирди туура кабыл алам. Бирок парламентте улуттун, мамлекеттин укугун тебелеп, нарк-насилге каршы иш-чаралар жараяны жүрүп жатканда эмоция менен же бир башка талаш-тартыштар менен шашылыш түрдө чыгып сүйлөгөндө сөздөн жаңылып калып жатканым чындык. Бүтүндөй бир улуттун укугун гомосексуалисттер же жалпы Кыргызстандан уран казабыз деген инвесторлор келип, биздин кызыкчылыкты экинчи орунга коюп жатканда эмоциялар болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биз кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн мамлекетибизди эксперимент кылганды токтотушубуз керек!

Учурда мен жөнүндө туура эмес пикир таратып, интернеттен, сайттардан жамандатып жаткан күчтөрдү билем. Алар убагында стадионду менчиктештирип алгандар, мамлекеттик мүлктү ит бекер саткандар же сатып алгандар, самолёт, вертолётко чейин чыгарып кеткендер, бир эмес, бир нече жарандыгы бар адамдар, кыргызга кылдай күйбөгөндөр, бачабаздыкты колдогондор, сырткы жана ички коркунучту жаратуучулар менин ар бир кадамымды аңдып, ошондон саясат жасап жатышат. Мен аларды улуу орозо айында кечирем, Кудай да кечирсин.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: