Menu

Эксперттик топтун мүчөлөрү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен сот-укуктук реформаны өткөрүүнүн жүрүшүн талкуулады

Бөлүшүү:

Сот-укуктук реформанын алкагында иш чараларды өткөрүүнү талдоо боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү 24-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен жолугушту.

Жолугушууда жаңы жазык мыйзамдарынын шартында укук коргоо органдарынын тергөө жана ыкчам кызматтарынын иштөө маселелери, ошондой эле республиканын аймактарындагы укук коргоо жана сот органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын сот реформасынын алкагында кабыл алынган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча ишин иликтөөнүн жыйынтыктары каралды.

Атап айтканда, Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестринин жана Бузуулардын бирдиктүү реестри ишке киргизилиши боюнча мониторингдин жыйынтыктары жана сот-укуктук реформаны аткарууга тартылган жергиликтүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсү тууралуу маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө сот-укуктук реформанын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыктары, айрым мыйзамдардын реформанын концепциясына шайкештиги жана 2019-жылдын аягына чейин биргелешкен аракеттердин кошумча пландары жөнүндө маселелер талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: