Menu

ИИМ: Унаанын ичинен жардам сурап кыйкырган аялга жардам бербеген МАИ кызматкерлери боюнча иликтөө башталды

Бөлүшүү:

Жакында социалдык тармактарда шаардык телеканалдардын бири даярдаган видеоматериал жарык көрүп, ошол жерде Руслан Харизовдун социалдык тармагындагы ЖКККББнын кызматкерлери пара катары 2500 сом акча каражатын алып, андан сырткары эркек адам тарабынан сабалган аял кишиге жардам берүүгө аракет кылбагандарына күнөөлөгөн билдирүүнүн скриншоту тиркелген. Бир аз убакыт өткөн соң автор өзүнүн постун өчүрүп салган. Бул тууралу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча маалыматка тактоо киргизүү максатында төмөнкүлөрдү билдиребиз: сабалышы мүмкүн болгон Камилла аттуу кыз ЖКККББга келип, жогорудагы окуяны төмөнкүдөй түшүндүргөн.
Аны эч ким сабаган эмес, жарандык жолдошу менен уруша кетишип, автоунаанын ичинде отурушкан. Ал эми автоунаанын рулунда жолдошунун досу отурган. ЖККБнын тескөөчүлөрү токтоткон кезде аларга дагы ушинтип түшүндүрүшкөн. Кыздын жарандык жолдошу ошол күнү түнкү клубда экөө уруша кетишкендигин, күч колдонуу же ур-токмокко алуу болбогондугун жана милиционерлерге нааразычылыктары жоктугун билдирген.
Жогоруда айтылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт жана автоунаанын терезелери караңгылатылгандыгына байланыштуу административдик протокол түзүлүп, автоунаанын терезелери жарыктандырылган.
Ошондой эле бул факты боюнча азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкек ШИИББдин ЖКККБнын кызматкерлеринин иш-аракеттери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, ЖКККБнын жетектөөчүлүк курамы кол алдындагы кызматкерлердин кызматтык ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзбөгөндүктөрү үчүн текшерүүлөр жүрүп жатат. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет. Кызматтык иликтөө ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: