Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабанов бүгүн, өзүнүн “Фейсбук” баракчасына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен түшкөн архивдик сүрөттөрүн жарыялады.
“Бүгүн, 12-декабрда улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов 90 жашка чыкмак. Адамзат жасаган ак иши менен бирге талыкпаган эмгектеринин артында ийгиликке жетсе болорун Чыңгыз Айтматов далилдеген. Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан жазуучунун “Ак кеме”, “Гүлсарат”, “Биринчи мугалим”, “Жамилия”, “Кыямат” жана башка чыгармаларын кайдыгерлик менен окуу мүмкүн эмес”, – деп, Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” аттуу романынан үзүндү кошуп жазган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ