Кээде кечиримдүүлүк жана айкөлдүк да керек. Өзгөчө адамдын жаны кыйналып, өмүргө коркунуч туулуп турган учурда адамгерчилик мамиле абдан зарыл. Муну ар бирибиз туура түшүнүүбүз керек. Айтканым, Темир жол тармагы коррупцияга кокодон батып калганы боюнча тынбай айтылып, Жогорку Кеңештин трибунасынан дагы байма-бай көтөрүлүп келүүдө. Жакында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Бишкек-Москва каттамынын поезд коштоочусу Алия Асанбаева да тарс жарылып, тармактын чирип калган ириңин сыйрып берди. Бул сыяктуу факторлорду «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев жүрөгүнө жакын кабыл алып алганбы, айтор, жүрөгүнөн операция болуптур. Саясат, жумуш, башкы маселе эмсс, адамдын өмүрү баарынан өйдө турат эмеспи. Андыктан Алмазбек мырзага чын ниетибизден ден соолук тилеп кетмекчибиз. Тезирээк сакайып кетиңиз, Алмазбек мырза!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ