17-июнь күнү КР Өкмөтүнүн аппаратынын коопсуздук, укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн экс-башчысы Марат Бекенов “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылып кетиши боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.
Марат Бекенов ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылып, сурактан кийин дароо тергөө абагына киргизилген.
Бирок укук коргоо органдары бул камоо боюнча пресс-релиз тарата элек.
Маалымат: Марат Эсенбекович Бекенов, 1959-жылы Нарын шаарында туулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ