“Бүгүнкү күндө элдер кайрылып жатышат. Бишкек шаарынын вице-мэри борбор калаага кириш үчүн коронавируска тест тапшырып, анын маалымдамасы керектигин айтты. Ал тест 2000 сомдон ашык турат экен. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарына кире турган канча деген жарандар бар. Ооруп, ооруканадан текшерүүдөн өтө турган, же ата-энесинен кабар ала турган канча деген жарандар бар. Алардын шаарга кириш үчүн 2000 сомго тест тапшырганга мүмкүнчүлүгү жок. Эмне себептен мындай талаптар коюлуп жатат. Акысыз тесттер ж.б. ар кандай каражаттар келип жатат. Эмне себептен акысыз келген тесттер акчага тапшырылышы керек?” – деп билдирди бүгүн, 6-майда ЖКнын жыйынында депутат Тазабек Икрамов.
“Москвадагы калган мекендештерибизди мекенине кайтаруу үчүн эч кандай чара көрүлбөй жатат. Ошол эле Оренбургдагы, Новосибирскидеги жарандар бүгүнкү күнгө чейин кайрылып жатат” – деп кошумчалады депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ