Menu

Ленинград облусунда кыргызды тапанча менен жарадар кылышты

Бөлүшүү:

Орусиянын Ленинград облусунун Всеволжский районунун Мурино шаарчасынан эки белгисиз неме кыргызстандык 24 жаштагы жигитке кол салышкан. Аны спорт аянтчасынан аңдып күтүп алышкан. Бул тууралуу Санк-Петербург жана анын облустары боюнча ИИМ мамбашкармалыгынын басма сөз кызматы билдирип олтурат.

Окуя 21-октябрда болгон. Кыргыз жигит машыкканы спорт аянтчасына барган. Анын айтымында славян улутундагы капкара кийинген белгисиз меймандар жанына барып, тамеки сурашкан. Жок экенин уккандан кийин тийише башташып, айтыша кетишип, бирөөсү койнунан тапанча сууруп чыккан. Натыйжада мекендешибиз төшүнө жана бутуна ок жеген. Ал дароо ооруканага жеткирилип, кол салгандар качып кеткен.

Азыр аларга издөө жарыяланып, кылмыш иши козголду. Бул окуя тууралуу кыргыз элчилигине, Санк-Петербургдагы консулдукка маалымат берилген.

Кошумча маалыматта, медициналык жардам алган кыргыз жигит түн ичинде ооруканадан өз алдынча чыгып кетип калган. Кол салуу боюнча полицияга арыз жазган эмес.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: