Өзгөн районунда эки адамдын өлүмүнө шектелип кармалган Х.А эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Өзгөн райондук милициясына 18-марттан 19-мартка караган түнү саат 03:35тер чамасында аймактык ооруканадан эки жаран куралдын огунан каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Факты КЖБрге Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренеси ( адам өлтүрүү) боюнча катталган. Алынган маалымат боюнча милициянын ыкчам тергөө тобу аймактык ооруканага барган.
Маалым болгондой, Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы жолдо “Хонда-Инспайер” жеңил автоунаасынын ээси 31 жаштагы М.Ш. 21 жаштагы К.С. жана 31 жаштагы А.А. менен унаада отурган жерде белгисиз автоунаа келип токтоп, ок атуучу курал менен атып кеткен. Жарааттан эки адам каза болуп, бирөө тирүү калган. Өлтүрүлгөндөрдүн бири М.Ш. 2020-жылдын февраль айынанан бери карай уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары КР Ички иштер министирлигинин ыкчам каттосунда тургандыгы белгилүү болгон.
Эки жарандын өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан кылмышка шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон автоунаасы жана ок атуучу куралы табылган. Өзгөн районунун Дөӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жөө-Алма участкасынын эгин талаасына кеткен жолдо көк түстөгү “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаа табылып “КRAL ARMS” үлгүсүндөгү Туркия мамлекеттинин өндүрүшүндөгү аӊчылык куралы, эки даана 12 калибирлүү ок дарынын атылган гильзасы, бир даана дүрмөттөлгөн ок алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ