Menu

Наманганда жер тилкесин талашкан тургундардын ортосунда жаңжал чыкты

Бөлүшүү:

17-мартта Наманган облусуна караштуу Касан районундагы Испарон айылынын тургундары короолорунун четиндеги жер тилкелерин тартып алууга аракет кылган жергиликтүү фермерди жана анын жумушчуларын сабашты.

Расмий маалыматтарга ылайык, тургундардын бул аракетинен фермер менен анын беш жумушчусу жаракат алып, аларга таандык төрт автоунаа зыянга учураган.

«Эркин Европа» радиосунун редакциясы жарыялаган видеодон топтошкон адамдар бири-бирине таш ыргытып, укук коргоо органдары аларды ажыратууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

«Биз алыскы айылда жашайбыз. Жергиликтүү тургундар каралбай калган жерлердин сапатын жакшыртып, көптөгөн жылдардан бери колдонуп келишкен. Бирок жакында бак өстүрүү менен алектенген фермер ал жер тилкелерин тартып алууга аракет кыла баштаган. Буга нааразы болгон тургундар анын талаадагы курулушуна барып, ортодо жаңжал чыгып кетти. Тургундар имараттын ичине кирип, бир нече компьютерин да талкалап жиберишти. Андан соң фермердин өзүнө жана анын жумушчуларына таш ыргытышты. Чогулгандар укук коргоо органдары барганда гана тынчышты», — деди райондун аты-жөнүн билдиргиси келбеген тургуну.

Анын айтымында, фермер аталган жер тилкелери ага таандык чарбага тиешелүү экенин айтып, тартып алууга аракет кылууда.

Окуядан эки күн өткөндөн кийин өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө департаменти жаңжалга 50-60 киши катышканын, жыйынтыгында аталган чарбанын ээси жана анын беш жумушчусу жаракат алганын билдирди.

Касан райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө бөлүмү бул окуяга катышкан жергиликтүү эки тургунга каршы «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогону кабарланууда.

ИИМ жаңжалган катышкан бардык адамдардын тек-жайы аныкталганын билдирди. «Алардын ар биринин аракетине укуктук баа берилет», — деп жазылган мекеменин расмий билдирүүсүндө.

«Эркин Европа» радиосунун журналисти жабыркаган фермер менен байланышууга аракет кылып, бирок андан эч майнап чыккан эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: