Menu

Аламүдүн районунда УКТнын мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Бөлүшүү:

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 15-март күнү Аламүдүн РИИБнө 1977-жылы туулган С.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип, 2020-жылдын январь айында үстөк пайыз менен акча сурап, күрөөгө автоунаа таштап, 3000 АКШ долларын алып, ошол боюнча белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББдүн жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргузүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралырынын натыйжасында буга чейин бир нече жолу оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттолгон 1983-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалган. Текшерүү учурунда ал КР ИИМдиин ыкчам каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.

Кармалган жаран тергөө кызматына өткрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: