Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек арада тактоону талап кылган беш пайыз эле талаштуу тилке калды. Чек ара тилкесин тактоодо тараптар Кемпир-Абад суу сактагычы жана Гавасай аймагы боюнча орток пикир таба албай турат. Ала-Букадагы Гавасай аймагында 1950-жылдары 20 миң гектардын айланасындагы жер атайын чечим менен Кыргызстандан Өзбекстанга өткөрүлгөн экен.
Бирок кыргыз тарап, ал жерлердин өткөрүлүшү канчалык мыйзамдуу болгон деген суроону коюп келүүдө. Экинчи тилке, негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча. Суу сактагычты курган мезгилде суу алдында калган аймактарыбыз үчүн Өзбекстан бизге жер бере турган болгон. Сол жээк Түркистан тоо кыркасынын ылдый жагынан Сохко чейин канал курмак. Аны менен 100 миң гектар жерди сугаруу жеңилдеп, дагы он миң гектар жаңы сугат жер кошулмак. Бирок ошол маселелердин көбү жасалбай, убакыттын өтүшү менен унутта калган. Эми Кыргызстандын жетекчилери өлкө кызыкчылыгын бекем сакташса экен.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ