Menu

“Замандаш” партиясы башкы 11 депутаттыкка талапкердин тизмесин жарыялады

Бөлүшүү:
Кечээ, 19-августта, Бишкектеги “Шератон” мейманканасында “Замандаш” партиясынын курултайы болуп өттү. Курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан келген делегаттар катышты. Партия лидери Жеңиш Молдокматов катышуучуларга ыраазычылык билдирип, “Замандаш” элдик партия экенин баса белгиледи. Бул тууралу партиянын басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле программанын бет ачары болду. Тактасак, ал 7 багыттан турат:
– Эл жыргалчылыгын камсыздаган мамлекет;
– Инновациялык өлкө;
– Жашыл экономика;
– Коопсуз өлкө;
– Дүйнөлүк кызматташууда татыктуу орун;
– Эркиндик;
– Элдик бийлик.
Программада мамлекеттин күчү анын элинде экени баса белгиленип, инновациялык чечимдерди мамлекеттик деңгээлде ишке ашыруу, өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтардын айкындуулугун жана эл менен эсептешүүсүн камсыздоо сунушталды. Ошондой эле башкы 11 талапкердин тизмеси жарыяланды. Ага төмөнкүлөр кирди:
1. Жеңиш Молдокматов
2. Мелис Турганбаев
3. Чынара Шейшекеева
4. Умбеталы Кадыралиев
5. Абдыкалыков Нурлан
6. Айсулуу Мамашова
7. Амракунов Мавлян
8. Имамидин Ташов
9. Элмурза Сатыбалдиев
10. Улукбек Ормонов
11. Алмаз Акматов
Эске сала кетсек, “Замандаш” саясий партиясы 2007-жылы маркум Мухтар Өмүракунов тарабынан негизделген. Ошондон бери бул партия өзүн ортокчул позициясын карманып келет жана атамекендик жеңил өнөр жай тармагына кошкон салымы да бир кыйла. Учурда партия дүйнөнүн 52 мамлекетиндеги 90 кыргыз диаспорасы менен иштешип, Кыргызстандын коомдук жашоосуна жигердүү катышып келет жана бул ишти уланта берүүнү максат кылууда…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: