Menu

Алмаз Атамбаев: “Сооронбай Жээнбеков өзүн пиар кылганды билбейт. Жадагалса өзү жасаган иштерди да айтып бере албайт. Ошондуктан мен аны пиар кылып жатам”

Бөлүшүү:

Россияга сапарын аяктап жаткан Алмаз Атамбаевден 24-июнда, Казан шаарында журналисттер «СДПК президенттикке сүрөп жаткан Сооронбай Жээнбековдун талапкердиги жеке сиздин, өзүңүздүн эле тандооңуз эмеспи?” деп сурашты. Бул тууралу akipress маалымат агенттиги жазып чыкты.

“Жок, социал-демократтар Сооронбай Жээнбековду 20 жылдан ашык убакыттан бери билишет. Мен силерге баары эле биле бербеген, бирок мен байкаган бир эле окуяны айтып берейин. 2010-жылы Сооронбай Жээнбеков ар түрдүү күчтөрдүн башын бириктирип, автомат менен келишкен Бакиевдерди Ош менен Жалал-Абаддан кууп чыккан. Бирок, Жээнбековдо бир минус бар. Ал өзүн-өзү пиар кылалбайт. Жадагалса өзү жасаган иштерди да айтып бере албайт. Ошондуктан анын ордуна мен айтып берип жатам. Анын өлкөнү бириктирүү, СДПК партиясын калыптандыруу боюнча салымы баа жеткис. Өтө кыйын кырдаалдарда дайыма менин жанымда болду. Алтургай анын жакындары бизге каршы болгондо да ал аларды укпай, дайыма социал-демократтар менен бирге болуп, Акаев менен Бакиевге каршы чыгып жүрдү. Болгону өзүн пиар кылганды билбейт, жөн гана иштей берет. Бул Кыргызстан үчүн жакшы деп ойлойм”, – деп жооп берди Алмаз Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: