Menu

Жөнөкөй кыргыз кызынын Президент Алмазбек Атамбаевге Кайрылуусу

Бөлүшүү:

Урматтуу президент! 
Биз, Кыргызстан деги качан өнүгөбүз!? Качан биз жакшы президентке жарыйбыз? Президенттике келип Кыргыз эли үчүн эмне жумуштарды аткардыныз ?
Кыргыз эли баспаган, жумуш издеп качпаган жер калдыбы деги? Миллиондогон акчаларды коротуп ипподром куруп , көчмөндөр оюнун өткөргөнчө, хан сарайларды салганча ошол акчага завод, фабрикаларды курсаңыз биздин кырчындай жаштарыбыз чет өлкөгө качпай өз мекенинде иштеп калат эле го, тирүүлөй өрттөнүп бөтөн эл , бөтөн жерде өмүрлөрү кыйылбайт эле го! Бул өзөктү өрттөгөн, 17 адамдын өмүрүн алган Россиядагы кырсык канчалаган кыргыздын көзүн ачты!
Чындыгында бизге татыктуу президент боло алдыңызбы?
Өз өлкөбүздө алган маянабыз тамак ашка жетпей, чет өлкөгө жумуш издеп агылып кете беребизби же?
Биз кайсы арыбызга эгемендүүлүктү майрамдайбыз !?
Эгемендүүлүктү алып биз эмнеге жетиштик !?
Өлкөдөгү жумушсуздук, белчесинен коррупцияга баткан госоргандар, сапатсыз ВУЗдар, тамтыгы чыккан жолдор, чаңы сапырылган жаңы конуштар, жанга баткан кедейчилик, балдарын жетелеген кыргыз тилемчи аялдар ! Мунун баарына ким күнөөлүү?
Жоопкерчилиги жок, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогон президентпи же кыргыз эли өзү күнөөлүүбү? Ким?
Өзүңүздү тарыхта калтыргыңыз келип көчмөндөр оюнун ойлоп таптыңыз ! Тарыхта калгыңыз келеби Алмазбек Шаршенович? Завод, фабрика куруңуз! Сапаттуу жолдорду , көпүрөлөрдү, мектептерди салыңыз. Өз элиңизди жумуш менен камсыз кылыңыз , ооруканаларды тургузуңуз. Чет өлкөлөргө агылып чыгып бараткан элдерди жумуш менен камсыз кылыңыз! Мына сизге тарыхта калуунун жолу ! Мына соопчулука жетүүнүн жолдору! Акча , бийлик, мансап бардыгы сиздин колуңузда турат ! Калганын бир гана сиздин ыйманыңызга коебуз!!! Али да болсо кеч эмес!!! Сизден кыргыз элине татыктуу жашоо, кең келечек түзүп берет деп үмүтү үзүлбөгөн КРнын жараны

Жылдыз Абдишахап кызы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: