Menu

“Ислам мамлекети” тобу Сирияда 300 жумушчуну уурдап кетти

Бөлүшүү:

Террордук топтун согушкерлери Сирия баш калаасы Дамасктан түндүк-чыгышты көздөй кеткен райондо ушул жумада өкмөттүк күчтөргө чабуул жасай баштаган. Алар бул чабуул учурунда ал-Бадия цемент заводунун 300 жумушчусун уурдап кеткенин бүгүн Сириянын мамлекеттик телеканалы кабарлады.

Анда айтылганга караганда, Думейр шаарынан анча алыс эмес жайгашкан заводдун жетекчиси жумушчулар менен байланышты жоготкон.

Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деп аталган уюм мунун алдында Сириядагы булактарына таянып, “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери 5-апрелде аталган заводго чабуул жасаган соң 150дөн 250гө чейинки жумушчунун дайыны чыкпай жатканын билдирген.

Ушул эле маалда “Чек арасыз дарыгерлер ” билдиргендей, Сириядагы курчоого калган аймактар жеткирилген гуманитардык жардамдарга карбай, жокчулуктун азабын көрүп жатат. Уюмдун башчысы Барт Янссен 500 миң сириялык блокадада калган чөлкөм үрөй учурган абалга кептелгенин кошумчалады. Ал маалымдагандай, акыркы эки жумада Дамасктын айланасындагы “Чек арасыз дарыгерлер” колдоого алган эки госпиталь бомбалоого кабылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: