Казакстандын Жамбыл облусунда Кыргызстандан келген адамдан таажывирус аныкталды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ММКлары жазып чыккан.
Алардын айтымы боюнча, таажывирусу аныкталган Шуй районунун 29 жаштагы тургуну Кыргызстандан 23-мартта келген. Эртеси, 24-мартта ал карантинге алынган. Андан таажывируска анализ алынып, жыйынтыгында инфекция табылган. Учурда анын абалы туруктуу. Ал менен байланышта болгон адамдардын бардыгы аныкталган.
Белгилей кетсек, учурда Казакстанда таажывирусун жуктуруп алгандандын саны 72ге жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ