Биз жардам сурап кайрыла электе эле, Кытай өзү “эмне жардам керек” деп кат жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
“Кытай реагенттерди, медициналык препараттардын баарын беребиз деп расмий кат жиберди. Биз “Тажрыйбасы бар адистерден жардам бергиле” деп бир гана нерсени сурандык. Алар азыр адистерди карап жатышат, кудай буйруса келишет” – деди премьер-министр.
Булак: “KyrgyzToday.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ