Menu

Видео – Өмүрбек Бабанов: “Президент Сооронбай Шарипович адилеттүүлүктү орнотуп, өлкөнүн өнүгүшүнө тарыхый салым кошуп жатат”

Бөлүшүү:

“Өзүңүздөр билгендей, 2017-жылы саясаттан кеттим деп жарыялагам, ал эми бүгүн партиябыздын ишинин жанданышы – бул убакыттын талабы, жаштардын кезеги келди деп эсептейм. Мындай лидер катары мен Мирлан Канатбекович Жээнчороевди көрөм. Ал менин жанымда 2005-жылдан бери жүрүп, тажрыйба алды, принциптерди бекем кармайт”, – деп билдирди бүгүн, 20-декабрда “Республика-Ата-Журт” партиясынын съездинде Өмүрбек Бабанов.

“2017-жылы өлкөбүздө бийлик революция жолу менен эмес, тынчтык жолу менен алмашты. Баардыгыңыздар шайлоого катыштыңыздар, бул жаңы тарыхыбызда өтө чоң жетишкендик. Андан бери 2 жыл өтсө да мен президенттик шайлоого катышканыма эч бир өкүнбөйм. Биз бул шайлоодо 600 миңден ашык добуш алдык. Мен 2 жыл өлкөгө сырттан көз салып турдум. Өзгөчө өзгөрүүлөр тууралу айтып кетейин, мурунку бийлик жасалма айыптарды тагып, мени колдоп иштеген Канат Исаевди кылмыш ишин ачып, камакка алды. Сооронбай Шарипович калыстыкты орнотуп туруп, Канат Исаевди абактан бошотту. Мен бул үчүн чоң ыраазычылык билдирем. Өзүңөр жакшы билгендей, Өмүрбек Текебаевдин соттук процесстери да ачык-айкын өтүп жатат. Сот адилет чечим кабыл аларына мен ишенем. Бул чындыгында өлкөнүн өнүгүшүнө президенттин тарыхый салымы болуп калды. Өзгөчө белгилеп кетким келет, бүгүнкү президент Сооронбай Шарипович массалык маалымат каражаттарына өзгөчө мамиле кылып, ММКларга эмне куугунтуктоо болорун ажырата алгандыгы. Дал ушул демократияны улантат деп мен ал кишиге ишенем ”, – деди Өмүрбек Бабанов.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: