Аскар Акаевдин кечээги идеологу Осмонакун Ибраимов өткөн жумадагы форумда: «Роза Исаковна, сиз эмне акаевчи, бакиевчи деп саясатчыларды бөлүп атасыз? Сөзүңүздү артка алыңыз, минтип былжыраганыңызды качан токтотосуз?! Сиз Мотуев сыяктуу эле астронавт экс-президентсиз» деп жугунду куйгандай эле катуу кеп айтты. Көп өтпөй президенттин аппарат башчысы Сапар Исаков «Роза Исаковнанын «Таза коом» долбооруна каршы чыкканы – өлкөнүн өнүгүшүнө бут тоскону» деген мааниде зекип өттү. Кыскасы, Отунбаева каршы-терши тараптан суук сөз угуп, шаабайы сууп турган кез. А ошол эле кезде биртууган иниси Болот Отунбаев Россияда эле эмес, Норвегия, Швеция жана Дания мамлекеттериндеги Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү катары дайындалды. Кызык, эжеси бийлик, орточул, оппозициячыл күчтөрдөн катуу жеп атканда, үн катып койбогон инисине таңгалгандар көбөйдү. Жадагалса коркуп, акыбалын да сураганы күмөндүү. Элчи Отунбаев үчүн биртуугандык, адамгерчилик мамиледен дагы убактылуу кызмат өйдө турганын кандайча түшүнөбүз? Аргасыздан Айтматовдун «башы жок», бирок «билимдүү» Сабитжаны эске түшүүдө. Неси болсо да, Болот эргул бүгүнкү күндүн Сабитжаны сымал образды чагылдырганы ачык эле көрүнүп калды да-а…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ