Бүгүн, 19-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Улан Примов чек ара кызматын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин толугу менен түштүк аймакка көчүрүүнү сунуш кылып, себебин түшүндүрдү.
“Себеп дегенде эң көп жаратылыш кырсыктары менен чек ара көйгөйлөрү дал ушул — Жалал-Абад менен Баткен облусунда болуп жатат. Башкы командачылык, штаб баш болуп мамлекеттик чек арага жакын облуска жайгашуусу керек“, — депутат Примов.
Эске сала кетсек, 17-декабрда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып, бир милицияга ок тийип, бир топ адам ар түрдүү жаракат алган. Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына караганда, учурда аймактагы абал туруктуу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ