Европанын батыш бөлүгүнө Африкадан катуу ысык келе жатат, 2003-жылдагыдай болуп 15 миңден ашуун адам каза табышы ыктымал. Бул тууралуу kratko-news.com кабарлады.
Испания Улуттук метеорологиялык кызматы өлкө жарандарына ушул аптадан тартып рекорддук көрсөткүчтөгү ысык келерин эскертти. Африкадан келе турган ысыктан улам абанын температурасы 45 градустан жөн эле ашмакчы.
Метеорологдор Мадридде 41 градус ысык болорун белгилешти. Метеоролог Сильвия Лапланна жергиликтүү телеканалга «Тозок келе жатат» деп маалымат берди. Мындан тышкары, ысык агым Батыш Европанын көпчүлүк бөлүгүн каптамакчы. Коркунуч тууралуу эскертүүлөр Франция, Италия, Швейцария, Германия жана Бельгияда айтылууда. Температуранын нымдуулугунан улам 40 градустук ысык бул аймактарда 47 градустай сезилмекчи. Эскерте кетсек, Францияда 2003-жылы катуу ысык болуп, 12-августта анын көрсөткүчү 44,1 градуска жеткен. 15 000 адам каза тапкан. Франциянын Меtео Frаnсе улуттук метеорология борбору кийинки аптага чейин ушундай ысык сактала турганын эскертүүдө.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ