Menu

Билл Гейтс миллиардерлердин тизмесинде биринчи ирет үчүнчү сапка түшүп калды

Бөлүшүү:

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс Вloomberg Вillionaires Indех рейтингинде жети жылда биринчи ирет үчүнчү орунга түштү. Бул тууралуу Вloomberg басылмасы жазды. Бул ирет дүйнөдөгү эн бай адам деп Louis Vuitton Moet Hennessy компаниясынын президенти Бернар Арно табылды. Ал жетектеген компания 107,6 миллиард доллар деп бааланды. Ишкер болсо бир жылда эле байлыгын 39 миллиард долларга көбөйткөн. Ошентип Арнонун байлыгы Гейтске салыштырмалуу 200 миллион долларга көп. Экинчи орунду Аmazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос ээледи. Гейтстин эң бай адамдардын тизмесинен жылмышып түшүшүнүн себеби бар. Ал 35 миллиарддан ашык долларды Билл жана Мелинда Гейтс фондуна кайрымдуулук катары которгон.

Үч миллиардердин каражаты S&Р 500, Walmart, Еххоn Моbil жана Walt Disney өңдүү компаниялардын байлыгынан ашып түшөт.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: