“Мен депутат Жанар Акаевди түшүнүп турам… Саламаттыкты сактоо мнистри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттик жыйынга, комитеттерге же, палатага келбейт экен. Буга көп депутаттар абдан нааразы болушту”, – деп билдирди мамлекеттик “Эркин Тоо” гезитинин экс-редактору, журналист Манас Осмон.
“Эми мындай. Ажо менен резиденцияда уу коргошун кайнатып аткан министр сапары карып бараткан парламенттин эшигин какмак беле? Чынын айтканда, депутаттар бул министрдин “погуна” куурай сая алышпайт. Бүгүн кадырына чычалашып эле “саламаттык сактоо министрлигинин үстөлүн бошотуп берсин, биз ал жерге башка бирөөнү отургузабыз” демиш болуп коюшту. Бир министрдин караанына зар болгон мындай комитет Жогорку Кеңештин тарыхында болгон эмес!”, – деди Манас Осмон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ