Menu

Тагдыр: Кайын энем экөөбүздүн мамилебиз качан гана баласы менен ажырашканда оңолду…

Бөлүшүү:

“Кайын энем таанышкан күнү эле жактырган эмес”

Кайын энем кандай гана аял болбосун тилин табам, үй-бүлөм үчүн болгон аракетимди жумшайм деп бойдок кезимде өзүмө-өзүм сөз берчүмүн. 4-курсту аяктап жатып өзүмдөн улуу курста окуган жигит менен сүйлөшүп калдык. Ал үйлөнүү сунушун киргизди. Биринчи жолу колумду сурап жаткандыктанбы дароо эле макул болдум. Ата-энеме деле макулдугумду бергенимди айткан, кеңешкен жокмун. Жигитим болсо апам айылдан келээри менен тааныштырам деп элеп-желеп болуп жүрдү. Бирок апам мугалим, талапты катуу коет, кээде катуу да айтышы мүмкүн, чыдап кой деп айтып калчу. Жаштыгым менен анын ошол кездеги сөздөрүнө анчейин маани бербептирмин. Бир күнү апам менен тааныштырам деп калды. Бишкекте эжелери менен турчу. Ошол батирге бардык. Апасы өзү жалгыз эле экен. Кирип бир чыныдан чай ичкенден кийин эле жигитим апам менен кенен тааныш деп сыртка чыгып кетти. Экөөбүз жалгыз эле калдык. Чай куюп берип, болушунча илбериңки мамиле кылдым. Кайын энемдин эң алгачкы айткан сөзү “Ии, менин баламды каяктан таап алдың?!” – деген сөз болду. Башымдан ылдый муздак суу куйгандай алдастай түштүм. Балаңыз мени таап алды окшойт, тынч эле окуп жүрдүм эле деп жооп бердим. Ошол сөздөн кийин маегибиз уланган жок. Тунжурап үнсүз отурдук. Бир аздан кийин эле курстарым бар эле деп шашып кетип калдым.

“Чындыкты бетке айта албаган жалтаң мүнөзүмдөн улам апасын жакты деп гана тим болдум…”

Мен жатаканада жашачумун. Дароо эле жатаканадагы тар бөлмөмө келип бир топко ойлонуп жаттым. Жигитиме чалган деле жокмун. Телефонумду өчүрүп койдум. Кечке маал жатаканага жигитим келди: Өзүн ыңгайсыз сезип, аябай кечирим сурап жатты. Балким апасы жакпай калганымды айтканбы, айтор апамды туура түшүн, мугалим деп эле жатты. Мен сыр берген жокмун: Абдан жакшы адам экенин айтып, жылуу маанайда тааныштык деп жооп бердим. Эмнегедир адамдардын көңүлүн карап, чындыкты бетке айта албаган жалтаң мүнөзүм мени дагы жеңип кетти. Ошентип үйлөнүү тойдун күнүн белгиледик. Айылга барып ата-энеме турмушка чыгаарымды, апасынын жакшы адам экенин, жылуу тосуп алганын айттым. Апамдарды чайга чакырышып, той тууралуу сүйлөшөбүз деп калышты.

“Ата-энем менен кайын журтум таанышкан күндөн баштап тил табыша алышкан жок…”

Атам менен апам менин көңүлүмө карап жолугушууга барышты. Кайын журтум бир аз өздөрүн жогору сезген, мактанчаак адамдар эле. Ошол адатын биринчи жолугушууда эле көрсөтүштү. Атам жөнөкөй, текеберликти жаман көргөн адам болгондуктан алардын үстөмөндөп сүйлөгөнүн көтөрө албай жатканын сезип жаттым. Тойду айылдан эле беребиз, шаардан өткөрө албайбыз, калыңы мындай болот, андай болот деп меникилердин кучунашын куушурган бир топ шарттарды коюшту. Атам дароо эле тойду токтотолу, үйлөнбөй эле коюшсун, келечегин көрбөй жатам деп таамай айткан экен. Эки тарап келише албай кыжыңдаша кетип, жарым сааттай эки бөлөк сүйлөшүүгө туура келди. Алардын үй-бүлөсү өзүнчө, меникилер өзүнчө сүйлөшүп анан бир чечимге келели дешти. Жарым сааттан кийин кайрадан дасторконго отуруп, араң макулдашышты. Ортодо жигитим экөөбүздүн ыңгайсыз болгонубузду айтпаңыз. Эки тарап ошол күндөн тартып таптакыр келише алышкан жок…

“Келин болуп баргандан тартып басмырлоодон башым көтөрүлгөн жок…”

Айтор ызы-чуу менен баш коштук. Барган күнү эле кайын энем каарын төгүп, “Менин балам байдын кызын алмак, сен менин теңим эмессиң, өзүң жармашьш тийдиң” – деп эле басмырлай баштады. Чыныгы турмуш ошентип уруш-талаш менен улана берди. Жолдошум жакшы эле адам болчу, бара-бара ал да апасын туурап басынтканга өттү. Уулдуу болдук. 3 жыл моралдык басынтууга тилимди тишиме катып чыдадым. Бирок жолдошум экөөбүз уруша кетсек кайын энем кошо кол сала турган адат тапкандыктан акыры кетип калууга аргасыз болдум. Мен кеткенден кийин өзүнөн бир топ жаш улуу, мурда турмуш көргөн, баласы бар, бирок колунда бар аял алды. Ал жолдошумдун бүт чыгымын каржылап, оозунан чыкканын алып берет экен.

“Баласы башка аял алганда гана жакшы келин болуп чыга келдим…”

Кайын энем качан гана баласы башка аял алганда гана мага жакшы мамиле кылып, кандай жакшы келин экенимди тынымсыз айтып, катышалы деп жатат. Бай аял алдыңыздар го болбодубу, балам экөөбүзгө тоскоол болбоңуз дегениме карабай жылуу мамиле кылып, ишиме чейин келип, баары бир кайрадан чогуу болосуңар, сенден өткөн жакшы келин жок экен дегенин койбой жатат. Баласынын биринчи турмушун бузган өзү, эми дагы бир жолу бузгусу барбы? Экинчи турмушун тынч койсо болмок.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: