Кечээ, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын делегациясынын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын ишине катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун БУУнун Башкы катчысынын тынчтыкты сактоо операциялары боюнча орунбасары Жан-Пьер Лакруа менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
КР менен БУУнун кызматташуу маселелери, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоочуларынын дараметин бекемдөө, БУУнун миссияларына КРнын аскердик-талаа госпиталын жиберүү, БУУнун тынчтыкты сактоо миссияларында КРнын контингентин көбөйтүү ж.б. маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар ошондой эле тынчтыкты сактоочуларга тийиштүү тесттерди өткөрүү жана ар кандай курстарды уюштуруу үчүн Кыргызстанга БУУнун адистерин жиберүү маселелерин талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ