Menu

Түрк тектүү орус падышалары

Бөлүшүү:

17-кылымдын жарымына чейин орус тактысын таза татар кандуу хандар ээлеп келген.

Иван Грозный

Иоанн IV (Грозный) князь Василий жана Елена Глинскаянын улуу баласы. Иван Грозныйдын апасы литивалык ханбийке деп саналат, бирок ал атасы тарабынан Алтын Ордонун эмиринин улуу баласы Мансур-Кыяттын небереси болгон.

Елена Глинская

Тилекке каршы, байыркы жазууларда Еленанын чыныгы ысымы сакталган эмес, ал христиан динин кабыл алып, Москва тактысында дагы бир татар тектүү Алтын Ордонун мурза Атун уруусунун тукуму Соломония Сабурованы алмаштырган.

Өзү Иван Грозный татар тилинде эркин сүйлөп, өзүн Мамай аттуу түмөндүн урпагы катары саначу. Хандын сырткы келбети дагы анын тегинде азиялыктардын каны бар экендиги жөнүндө маалым берет.

Борис Годунов

Иван Грозный өзүнүн уулдарын татар үй бүлөлөрүнөн чыккан кыздарга үйлөнткөн: Иванды Евдокия Сабуровага, ал эми кичүү Федорду Ирина Годуновага.

Ирина Годунова, Борис Федоровичтин бир тууган эжеси, татардык князь Чет Мырзанын урпагы болгон, ал Руська Иван Калитанын убагында келип отурукташкан.

Борис Годунов

Иринанын жолдошу ханзаада Федор көз жумгандан соң бийлик Бористин колуна тийген, ал өлкөнү 1587-жылдан тартып башкара баштаган.

Борис Годуновдун кеерээзи боюнча Москванын тактысы анын уулу Федор Годуновго өткөн, бирок ал боярлар тобу тарабынан өлтурүлгөн.

Петр I

Петрдун апасы, ханыша Наталья Нарышкина крымдык татар мырза Исмаил Нарыштын урпагы болгон Ал тарыхта мырза Кирилл Нарыш аты менен белгилүү.  Алтын Ордолук мырза Абатурдун кызына үйлөнгөн.

Наталья Нарышкина

1669-жылы Нарышкина хан Алексей Михайловичке турмушка чыгып, ага уулу Петрду жана эки кыз төрөп берген.

Петр I

Орус тактысында түрк-татар тектүү үч хан болгон, андан кийин алардын ордун  немис тектүү хандар ээлеген.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: