Menu

Новосибирск университетинин археологдору байыркы Энесайлык кыргыздардын күмбөздөрүн табышты

Бөлүшүү:

Россиянын Новосибирск мамлекеттик университетинин окумуштуулары жана археологдору Энесай кыргыздарына таандык жаңы археологиялык эстеликтерди табышкан.

Таштык маданиятына караштуу 80ден ашуун күмбөздөрдү Хакасия Республикасынын  Энесай дарыясынын сол жээгинен казып чыгышкан.

Новосибирск мамлекеттик университетинин археологдору Красноярск суу сактагычынын жээгинде жайгашкан “Тесинский залив 3” мүрзөсүндө таштык маданиятына таандык 80ден ашуун күмбөздөрдү аныкташкан.

Биздин заманга чейин II кылымдан биздин замандын VII кылымына чейин аталган жерлерде энесайлык кыргыздар жашашкан.

Чогултулган материал окумуштууларга Сибирдин көчмөн элдеринин жашоосу тууралуу башкача жыйынтык берет.

Эстелик ар кандай көлөмдөгү 80ден ашуун күмбөздөн турат. Экспедиция учурунда окумуштуулар 3 күмбөздү изилдешкен. Алар мурун тонолуп кеткенине карабастан, археологдор жакшы сакталган скелеттерди, шуруларды, мүйүздөн жасалган төйнөгүчтөрдү жана жерге берүүдө кийгизилүүчү маскалардын фрагменттерин табышкан.

Окумуштуулардын айтымында, мүрзө кичинекей эмес, аталган факт бул жерде элдер такай жашаганы тууралуу кабар берет. Күмбөздөрдө табылган жыгач буюмдар бул элдер жыгач жасалгалоо өнөрчүлүгүн жакшы билгендиги жөнүндө кабар берет.

“Отурукташкан эл экени көрүнүп турат, андыктан буга чейин бул жерлерде жашаган эл көчмөн жашоо менен жашачы деген тыянактар туура эмес. Бул эстелик археология үчүн өтө маанилүү болгондуктан, иштер кийинки жылы дагы уланат,”-деп билдирген Новосибирск университетинин гуманитардык изилдөөлөр лабораториясынын жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты Сергей Скобелев.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: