Жалал-Абад шаарынын коомчулугу, биринчи кезекте ата-энелер акыркы коңгуроо күнүндөгү артыкбаш шаан-шөкөттөргө тыюу салуу тууралуу бийлик өкүлдөрү көрүп жаткан чараларын колдоого алышат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында болуп өткөн шаардык бийлик өкүлдөрү менен ата-энелердин, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жана мугалимдер жамаатынын жолугушуусунда белгилүү болгонун шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаар мэриясы жана шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, 500дөн ашуун киши катышкан бул жыйынга шаардын прокурору, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, жол кайгуул кызматынын, жаштар менен иш алып баруу инспекциясынын жетекчилери, башка да коомчулук өкүлдөрү катышышты.
Жыйындын катышуучулары мектептерде өтүүчү акыркы коңгуроо иш-чараларынан башка жерлерде бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда өткөрүлүүчү ар кандай шаан-шөкөттөргө тыюу салуу боюнча кеп болуп, вице-мэр Турдалы Темирбаев жана билим берүү бөлүсүнүн башчысы Рысбек Калчаев катышуучуларга кеңири түшүнүк беришти. Ошондой эле көрүлүп жаткан чараларга каршы чыккандардын, өзүмбилемдик жасагандардын мыйзамдуу жоопкерчиликтери тууралуу укук коргоо органдарынын өкүлдөрү айтып беришти. Негизинен бул акыркы коңгуроо иш-чараларын тынч, коопсуз жана ар бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына жараша өткөрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды шаардыктар колдоого алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ