Menu

Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча КР Кылмыш кодексинин «Шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-февралда Жогорку Кеӊеште 2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болду. Жыйынга комиссия мүчөлөрүнөн тышкары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты.

Депутаттык комиссия мүчөлөрү үчүнчү жолу чогулуп отурганын, буга чейин уюштуруу маселелери каралып, иш-пландар бекитилгенин белгилеген Улан Примов жыйын катышуучуларын ийри отуруп, түз пикир алышууга чакырды. «Депутаттык комиссиянын алдында эки милдет турат. Биринчиден, биз авариянын келип чыгуу себептерин иликтеп, анын кесепеттерин жоюу чараларынын жүрүшүнө баам салууга тийишпиз. Экинчиден, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган 386 млн доллар көлөмүндөгү каражаттын кайда жана кантип жумшалганын иликтеп чыгышыбыз керек», – дейт депутаттык комиссиянын төрагасы.

Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Канатбек Муратбеков ушу тапта Өкмөт тарабынан түзүлгөн мекемелер аралык комиссия да иштеп жатканын, анын иликтөөлөрү келерки аптада жыйынтыкталып калса, аварияга күнөөлүү жактарды аты-жөнү так аталарын билдирди. Ошондой эле, Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча Кылмыш кодексинин 316-беренеси боюнча («Шалаакылык») кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Жыйын жүрүшүндө Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев Премьер-министрдин сунуштамасы менен бүгүн өз милдетин аткаруудагы шаалакылык мамилеси үчүн «Электр станциялары» ишканасынын башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоев кызматтан алынганын билдирди. Буга чейин ушундай эле жүйө менен Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Өмүркул уулу Нурлан да кызматынан кол жууган.

Андан тышкары, жыйын жүрүшүндө мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, адистер менен эксперттер депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына 12 депутат кирген: Улан Примов (комиссиянын төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП фракциясынан), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика – Ата Журт» фракциясынан), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан» фракциясынан), Исхак Масалиев («Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол» фракциясынан), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»фракциясынан).

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: